карысын
- Кары сыяктанып көрүнүү, карыгансуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Келбей калса хан Калдык, / Аскерди төрткө бөлбөсөм, / Алакандай Таласка, / Ар тараптан кирбесем, / Астын-үстүн кылбасам, / Ыракым кылбай кыргызга, / Жашы менен карысын, / Айал-эркек - баарысын, / Как боорунан тилбесем, / Ойноп жүргөн балдарын, / Көзөй сайып шилиден, / Бутактарга илбесем, / Намысын колдон кетирип, / Кызы менен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал, / Чаптырып туруп күлүк ал, / Жактырып туруп нарын ал, / Жаптырып туруп комун ал, / Үйрүн бузбай тобун ал, / Карысын койуп жашын ал, / Айагын койуп башын ал, / Төрт түлүктүү бизде мал, / Түп көтөрө баарын ал, / Андан кала бергенде, / Жылында берем айтканың, / Мөөрүмдү басып к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аты менен Гүлүстөн, / Карысында салаңдап, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Көрүп Семең шашылып, / Кызыл алтын оозун көр, / Жеркуйдай болуп ачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тапан хандын элинде, / Өңү сүйкүм кыз болсо, / Жез оймок салган колуна, / Элден чыккан уз болсо, / Калтырбай алды баарысын, / Жашы менен карысын, / Зордук кандай экени, / Эми Сейитимден таанысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыргыздын элин чуулатып, / Катын-кызын олжо алып, / Жаш балдарын ыйлатып, / Калганын айдап чубатып, / Кызыл муштум балдарын, / Кырчынга тизип аспасам, / Кызыл ээк карысын, / Кылыч менен чаппасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кылгылыкты кылбасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →