карып
- Тентиген, элинен ажыраган.
- өт. Кедей, бечара, байкуш.
- өт. Адам жаны, тирүү адам (алсыз адам маанисинде).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаман карып калды, деп, / Айылдагы эл айтат, / Какчаңдады деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол күнү мен барсам, / Кызыталак бул бурут, / Кылымдан кайым болмокчу, / Кылымдан кайым болбосо, / Кылчайгыс карып болмокчу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Урумдагы Оруз хан, / Түбү кыргыз бир тууган, / Куда-сөөк биз менен, / Карып калган кези эле, / Урумдун эли не болду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карып калган окшойсуң, / Кайсоолойсуң көп сүйлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →