карындаш1
- Өзүнөн кичүү кыз бир тууган (эркек бир тууганына карата).
- Аталаш туугандардын өзүнөн кичүү кыздары (аталаш эркек туугандарына карата).
- Жашы улуу эркектер өзүнөн кичүү кыз-келиндерге, аялдарга кайрылуу иретинде айтыла турган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карындашы Агадил, / Агадилдин кызынан, / Эркек бала туулган, / Аты Бозой койулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баштан-айак көргөнүн, / Жакыптан угуп-билгенин, / Жашырбай айта салыптыр, / Кубурлуу тууган Адылбек: / — Карындашың эр тууйт го, / Калайыктан шер тууйт го, / Сүйүнчүмдү бергин, – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мына бул турган Чойтолоң, / Карындашын жетелеп, / Алып кеттиң үйүнөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Эми мендеги шордууларына келгенде, мунун бир карындашы аяк бошоткондон башкага жарабайт...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →