карыз

китептерде 15 жолу, 6 китепте
  1. Бирөөдөн насыя түрүндө алынган же бирөөгө берилген акча, буюм же башка нерсе.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жарды киши калган жок, / Карыз-өтүнө мал сурап, / Бар кереги үйүндө, / Жатты кыргыз тунжурап, / Жайдын күнү төр-төрдөн, / Шамал айдап май бурап, / Самоор кайнап ар үйдө, / Ызы-чуу түшүп чуркурап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…м, / Мисир, Багдат, Кудузга, / Алып барып сатпасам, / Батышка койбой алтынды, / Чыгышты карай тартпасам, / Жүз жылы жесе түгөнгүз, / Алтынды жүктөй жыйбасам, / Карызга басып батышты, / Көз каранды кылбасам, / Куландын көчүп сайынан, / Букарга барып турбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муңдуу эрдин муңу бар, / Муңдун да өз жолу бар, / Жан аманат карыздыр, / Жан бакмактык парыздыр, / Айат келген киши бар, / Пайгамбарга периште, / Айтып келген иши бар, / Алдыңда минген Кылжейрен, / Алыстан келген жылкы окшойт, / Ийниңдеки алмабаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Араң келдим алыстан, / Кутулдумбу карыздан?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →