кары1

китептерде 897 жолу, 10 китепте кары 2 →кары 3 →кары 4 →кары 5 →
  1. Колдун чыканактан ийинге чейинки бөлүгү.
  2. Көкүрөктөн (төштүн орто бөлүгүнөн) тартып, сунулган колдун учуна чейин жеткен (1 метрче келген) узундук өлчөмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / — Келе бери арканды, / Мен сүйрөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →