каршылык

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Бири-бирине каршы болуп, кас санагандык, душмандык.
  2. Тоскоолдук, жолтоолук, макул эместик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Адам ата, Аба эне, / Андан бери карата, / Дүйнөгө келген тамам жан, / Баарын ажал сермеди, / Кой деп айтыш ажалга, / Бенденин алы келбеди, / Канчалык кылды каршылык, / Көзүнө ажал илбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Субатай сырын ачыптыр, / Шооруктун канын чачыптыр, / Чайчы бала Мадана, / Падыша болуп жатыптыр, / Каршылык кылып мен сага, / Маминтип шорум катыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…се Көкчөнү, / Сапса кылып салам, деп, / Көгала атты минем, деп, / Көк күбө тонду кийем деп, / Көз каран кылып казакты, / Көпчүлүктү билем, деп, / Көрүнөө болсо каршылык, / Бетиңди бирден тилем, деп, / Көзүңө сөөмөй шилтеди, / Ордоңо эми тием, деп, / Унуткусуз сыр кылды, / Ушул бизге чыр кылды, / Топ жигит карап турбады, / Туш-… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каршылык кылса биздерге, / Төгөрбүз жерге берметин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Анда Абыке кеп айтып, / Кеп айтканда муну айтып: / — Астыңда кызмат кылайын, / Ызаат кылып турайын, / Сага жамандык ойлосом, / Жаным барып тынайын, / Каршылык кылса ногойдун, / Кайрып мойнун кыйайын, / Атаңдын кунун кубалап, / Алыска сен барсаң, / Алтысы кара ногойду, / Айдап жолго салайын, / Аман болсо Абыке, / Асты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →