каршылаш

китептерде 29 жолу, 7 китепте
  1. Касташуу, бири-бирине кас болуу, душмандашуу, араздашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Орто бойлуу капкан бел, / Жайык маңдай, сом далы, / Туткандын чыккан далдалы, / Туруп душман бат албас, / Бул замандын балбаны, / Кытан алп менен кагышып, / Каршылашкан убагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ырыскан туруп кеп салды: / — Султандын уулу чырагым, / Кабарың катуу угамын, / Каңгайдан бери капкайда, / Калмак, манжу жыйналган, / Каршылашып сиз менен, / Кутулбаптыр бир адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коңурбай, Калча ошондо, / Айарларын жүгүртүп, / Боолукчусун бакырып, / Чалмачысын чакырып, / Калкынын чоңун келтирип, / Мына мындай кеп айтты, / Кеңешин ал жеткирип: / — Каршылашып биздин эл, / Эрегишпей эл менен, / Баш калкалап кутулсун, / Мына бу агып келген сел менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Куткарбас, / Кармаган колдо ач албарс, / Каршылашып жан калбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Коңурбайдын алдынан, / Каршылашып болду кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →