каршы-терши

китептерде 11 жолу, 7 китепте
  1. Бир беткей эмес, бири-бирине кайчылашкан, чаташкан, оң-тетиринен болгон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балага келип сайганда, / Сайганын баатыр туйбады, / Отуз барча найзасы, / Каршы-терши кыйрады, / Асманды көздөй зыркырап, / Учуп жатат сынганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Качырышып сайышып, / Сайдырбастан кагышып, / Апыр-шапыр алышып, / Айанбастан барышып, / Каңкылдата калышып, / Каршы-терши кайчылап, / Канжарды тиреп майышып, / Ээрдин бекем тиштенип, / Өжөрлөнүп тайышып, / Кезекке тура калышып, / Кезгерип кайра сайышып, / Бирин бири жеңген жок, / Кызыл канга малышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– деп, / Шаштырып Чүрөк калганы, / Карбаластап катындар, / Камынганы жутканы, / Арка жагы ууртады, / Кармаган бойдон айакты, / Каршы-терши уктады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара кыргыз калың журт, / Каршы-терши конуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →