каршы
- Ниети оң эмес, душман, кас санаган.
- Туура келбеген, макул болбогон, жактабаган, карама-каршы болгон.
- Бет алды, бетме-бет, тике алды.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыздан чыккан кыраандын, / Кыйкырыгы таш жарып, / Жолунан тосо чыкканы, / Камчысын булгап Көкбөрү, / Каршы алдынан чапканы, / Хандан жарлык болгондо, / Калбай аскер каптады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайран Агыш талыбай, / Каршы алдына келгенин, / Кара жерге чаптатып, / Бир кезде калды бет маңдай, / Күнжаңжүнгө капташып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүгүн жылдыз каршы экен, / Сенин атаң Манастан, / Калган, балам, шарт экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →