карчыт

китептерде 46 жолу, 8 китепте
  1. Каптал, жан жак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кубатайдын соорудан, / Ырыскандын карчыттан, / Кандары чыкты мончоктоп, / Канткенде булар туралсын, / Кайрат кылбай эр токтоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүлүү найза нетиптир, / Бөйрөктү тепчип кетиптир, / Карчытынан тешилип, / Кош бөйрөгү эзилип, / Желип чыкты Дабытай, / Карышкырдай эсирип, / Жаш балапан жоголду, / Келе жаткан жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кызыл сууда кылаңдап, / Кызыл тумшук Ажыбай, / Кетип барат чубаңдап, / Жаргылчакты жакалап, / Жаңыртып атын такалап, / Тескей тоо менен калкылдап, / Нар буурадай шалкылдап, / Кийгени күмүш күрөкө, / Күн чагылып жаркылдап, / Күрөң аттын касасы, / Карчытында шалпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Маталып буудан Суркойон, / Жыгыла жазып тас калып, / Эр Гүлүстөн баатырдын, / Карчытынан кан кетти, / Карап турган Семетей, / Ур дедирбей ал жетти, / Алмамбет уулу Гүлүстү, / Ажыратып жай кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карчытына жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →