карч

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Катуу нерселер сынганда, урунганда же бири-бирине сүрүлгөндө пайда болгон дабыш, качыраган үн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карчалышып хан Калдык, / Контукчу болуп Каракөз, / Кол салды келип кыргызга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгыча сүрүп таң атты, / Тоо бөксөлөп күн чалды, / Испандыктын аскери, / Түп көтөрө аттанды / Байракты көрүп Саламат, / Атка минип басканы, / Кой, Саламат, барба, — деп, / Кененимдин айтканы, - / Канча күндөн бер жакка, / Карчалыштың кармашып, / Коросон менен испандык, / Койгон окшойт чарчатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бозуул жетип атты алып, / Хан Кошойду аткарып, / Ырчы менен Ажыбай, / Кызыл кан кечип баш алып, / Кыйын болду угуңуз, / Кыйракандуу карчалыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айал кылып турбастан, / Аты-жөнүн сурабастан, / Төөнүн башын бурбастан, / Найзасын күүлөп сундуруп, / Көмөлөтө сайчуудай, / Кара жанын карч уруп, / Качырып келет кулжуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн "өлбөс оокат, чыкпас жан" дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →