каруулуу

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Күч-кубаттуу, каруусу бар, күчтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…усун сойлотуп, / Олпоктуусун онтотуп, / Оң- тескери томпойтуп, / Кылычтуусун кыйратып, / Кыйырын бузбай сулатып, / Найзалуусун ыйлатып, / Сабы менен сулатып, / Каруулуусун какшатып, / Кар жаагандай суу агып, / Карысынан кан кечип, / Калдыратып калканын, / Кан агызып чанданын, / Чыгарып барат калканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азамат элдин ырысы, / Ап-айкын сыймык мунуңар, / Каруулуу билек шер келди, / Качырса кайсар эр келди, / Жыгылсаң өйдө жөлөөчу, / Жаныңа кубат бел келди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каруулуудан неченин, / Кара жерге сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →