каруула
- Карысына салуу, карыга илүү.
- Күчтөө, күчкө салуу, күчтүү, алдуу экенин көрсөтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— деп, / Колу менен бутунан, / Кишендерин алдырып, / Жүрөөрүндө алдырап, / Кара темир каруулар, / Кагылышып калдырап, / Көрүп келген кырк балбан / Басалбай мууну шалдырап, / Бирин бири тиктешип / Кеп кыла албай жалдырап, / Сүйлөсө тили так келбейт, / Жан үзчүдөй балдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өткөн күнү өкчөштүк, / Жан айабай салышып, / Ошол күндү өткөздүң, / Ойноп чүкө карчаштың, / Каруулашып кармаштың, / Мен барайын алдында, / Тилимди алсаң барбагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каршы чыгып чочкого, / Каруулашып тең келбей, / Капилет өлгөн нечен жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайрат жыйнап, бел байлап, / Карууланбай болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →