картай

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Карылыкка баш коюу, каруу, жашы улгаюу.
  2. Эскирүү, каруу (айбандарга же көп жылдык өсүмдүктөргө карата айтылат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жай-жайына тараптыр, / Өз жанына караптыр, / Кыргызда жатып жыргады, / Картайганда Мадыбек, / Бир азыраак кыйналды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Омурткам ооруп зыркырап, / Сайышка чыгар чагым жок, / Картайып калган жаш өтүп, / Ачакандын шайы жок, / Бүткөн бойу сары суу, / Мына турат Кесилет, / Мурункудай алы жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Аркасынан бурулуп, / — Калкамандын кара аты, / Толкумандын тору аты, / Токтобой турат суурулуп, / Калкамандын кара аты, / Картайып калган чагы экен, / Карт муун болгон мал экен, / Кара жолтой жагына, / Чалып калган дагы экен: / Толкумандын тору аты, / Өзү толук мал экен, / Эр сайууга көп м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атта жүрүп каржалып, / Жашым өтүп картайып, / Бекерге кетти ушул түн, / Сүйгөнүм сенден калтаарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Берекелүү бек айбат, / Белдүүнүн уулу эле деп, / Медет кылып алалы, / Таманын жерге тийгизбей, / Белек кылып алалы, / Баралына келгенде, / Сен картайган кездерде, / Хан көтөрүп алалы, / Күмөн кылбай багып ал, / Өзүңдүн жалгыз балаңды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →