карт1
- Жаранын же күйгөн жердин катып калган катмары, үстүнкү бети.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну мындай таштайлы, / Кызыл кыргын согушта, / Козубек баштуу карттардын, / Өлгөнүнөн баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайта имерип сайарда, / Карт кекирип, шаң күлүп, / Куургучу-куу найза, / Таштан тайбас көп найза, / Тарк оосуруп кара бет, / Жердин бети топурак, / Туман түшүп боз болуп, / Найзасы менен К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайран жеңең Каныкей, / Желкеге чачын түйүптүр, / Эркекче чапан кийиптир, / Тунарыгы ачыла, / Тоо башына күн чала, / Жетип келди буларга, / Тарттыралы Канышка, / Киши керек эмеспи, / Карткүрөңдү кармарга, / Сырын билген Ажыкең, / Телкызыл минип алыптыр, / Дайарлана калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушуну айтып карт Бакай, / Кетти мындан жөнөлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Байтекедей карт вазир, / Ушунча айтса насаатты, / Чынкожо буга болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →