карсылдак

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Урулуудан, кагылуудан же бирөөнү сабаганда карсылдап чыккан катуу дабыш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тунган карсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карсылдакка алышып, / Качпай туруп салышып, / Кайта-кайта сайышып, / Бээ саам араң чыдады, / Таабалды жеткир майышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ызы-чуусу бул элдин, / Эр Чубакка угулуп, / Доолбас үнү карсылдак, / Ойон Чубак чын угуп, / Айжаңжүн карай жөнөдү, / Көктеке менен чу койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тунарыктай закымдап, / Кирип келди көк дөбөт, / Минген атты такымдап, / Калдуубеттен качпаган, / Алтымыш миң аскерден, / Апкаарып андан шашпаган, / Карсылдак үнүн укканда, / Тик качырып чыкканда, / Ал эмине иштер, деп, / Карап калды жаш арстан, / Жалгыз жүрүп жыйырманы, / Жылмалаган жаш бала, / Кылчайып артын караба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Талаада берип меңсепти, / Таштап койуп аларды, / Бастырып баатыр эр кетти: / — Барганың менен мени ээрчип, / Баатырлык уруш башталат, / Алай-дүлөй карсылдак, / Бака-шака тарсылдак, / Чака-чука барсылдак, / Баралбайсың ал жерге, / Баш калкалап мында жат! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →