карсак
- Жырткыч айбандардын жалпы аты (түлкү, карышкыр ж.б.).
- Куйругу менен кулагынын учунда карасы бар кичирээк түлкү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүлөсүн бар, чөөсү бар, / Түлкүсү бар, суусар бар, / Карсак менен кашкулак, / Аралашып буда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Түлкүлөрү кылт этип, / Сүлөөсүн, карсак, ач күзөн, / Суусар, мадыл, мышык көп, / Пилдер турат томпойуп, / Төө куштары койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…келет чакчаңдап, / Айуулар келет саксаңдап, / Карышкыр келет култуңдап, / Түлкү келет кылтыңдап; / Сүлөөсүн келет сумсайып, / Суусар келет суйкайып, / Ачкүсөн, карсак аралаш, / Кете албай малдан аралап, / Жыландар кайыш ийленип, / Кирпи-чечен, ташбака, / Талкаланып түгөнүп, / Кескелдирик, батмачык, / Кирерге тешик табалбай, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
көк кытан, / Сууну бойлоп салпылдап, / Балыктар көлдө кылтылдап, / Кундуздар сууда жылтылдап, / Молдо торгой, сандыгач, / Жаагын жанып таңшанат, / Түлкү менен карсагы, / Секирип ойнойт булактап, / Жолборстор басып суналып, / Илбирстери чубалып, / Шерлери турат чакчайып, / Айуулар турат саксайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →