карс
- Урулуудан, согулуудан же катуу нерсенин чорт сынып кетишинен чыккан дабыш.
- Катуу чыккан күлкүнү билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Иттиги анын кармаса, / Каап алат карс этип, / Талап кетет арс этип, / Байкоосуз чатак табылат, / Бекеринен баш кетип, / Мадыбекти таба көр, / Ылдам барып сен жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Байлоодо туруп бакырып, / Билектерин түрүшүп, / Бирин бири качырып, / Карс дедире сүзүшүп, / Байлоодогу алтымыш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайраттанды Карадөө, / Чоң чокморун колго алып, / Каарданды үңкүйүп, / Кабагың карашы ал салып, / Заарданып Карадөө, / Уйутуп койгон чойундан, / Жолум үйдөй чойун баш, / Опколжуп келип урганда, / Омкорулуп далай таш, / Карс-курс эткен үн чыгат, / Асманда учуп топурак, / Көктү тиреп зоңкойгон, / Тоо түгөнүп баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карс эттирип сөөк жебей, / Шалп эттирип суу ичпей, / Ачка жүрүп куруду, / “Катын жапа, ит опа” / Элден калган кеп ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →