карпаңда
- Барпаң-барпаң этүү, барпаңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карыйа Бакай карпаңдап: / — Балам Чүрөк бол камын, / Кош кылалык тирүүбүз, / Айкөл Манас арбагын, / Кыйналып калды кыргыздар, / Бекбачанын айтканын, / Арбактарга угузбай, / Кыйамында сен баргын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап бекер туралбай, / Качырыштым карпаңдап, / Айбат кылдым канчалык, / Түр көрсөтүп барпаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калчылдак кирип эки кыз, / Кара бойдон тер кетип, / Амалы такыр түгөнүп, / Карпаңдаган Шуутуну, / Катындар жаман тердетип, / Каныкей келсе калдым, деп, / Каныкей тирүү көрбөсө, / Алмамбеттен өлдүм, деп, / Чубактан кордук көрдүм, деп, / Токтоно ал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сырын билем капырдын, / Карысам да карпаңдап, / Өзүм эле барамын, / Өлтүрүп келе каламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айанбагын арам, деп, / Адырайган жаман, деп / Туруп берди Сейтек, / Карпаңдаган кайран дөө, / Капталдан нары үч сайды, / Үчүнчүсүн күч сайды, / Кангандар кыбың эми, деп, / Ойротто жок шер Сейтек, / Төртүнчүгө калганда, / Найзасын улай кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →