кароолчу

китептерде 84 жолу, 7 китепте
  1. Кароолдо турган киши, күзөтчү, сакчы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойу менен олжо алып, / Олжону берип кол алып, / Жөөткө барып кошулуп, / Таласка кайта келгенде, / Кандар агып шаркырап, / Сууга куйду жошулуп, / Жана ойлоду мамындай: / “Атбашы барсам Бактыбай, / Кароолчусу бир малай, / Карсылдашар бир далай, / Мен чыдаймын талыкпай, / Ат чыдайбы чалыкпай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кароолчу койгон канчаны, / Чабарчы койгон анчаны, / Медеркан жок казакта, / Ал Каңгайда жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каркап кырк миң кол баккан, / Кагышканда кан аккан, / Кырмусшаанын Мурадил, / Кызыл жээрде ат минген, / Кыл куйругун чарт түйгөн, / Кароолчу эле бир чети, / Ханга ылайык келбети, / Турган экен бул айбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кароолчу айтып барганы, / Орусхан угуп алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →