кароолон
- Караруу, ыш, күйүк басып, карарып кетүү.
- Жарыгы ачык болбоо, күңүрт болуп туруу.
- Тутулган себептүү карарып көрүнүү, күңүрттөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайта бара албайсың, / Мен барбаймын, Талана, / Кароолонуп кетпеймин, / Үзүлүп түшүп тамакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Маңдайдагы тетиги, / Карарып жаткан калың бак, / Кароолонгон алма шак, / Кадымтен хандын шаары окшойт, / Түнөргөн шаар түмөн бак, / Түмбүйүп жаткан алма шак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →