кароолдо
- Кайтаруу, күзөтүү, кароолго туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жесекчиси тажиктин, / Энтелеп келип элге айтты: / — Тарашанын кырында, / Кароолдо турган чагымда, / Жалгыз эмес, он киши, / Бирге турган жанымда, / Кийгени темир баары көк, / Салты эрден бир бөлөк, / Мингени Тору кашка экен, / Жылкыдан сыны башка экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара тоонун белинде, / Кароолдо турган жеримде, / Келе жаткан көп элге, / Көзүм түштү туу белде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Анда Ажыбай муну айтат: / Кароолдо турган адамдар, / Кайра элге баарыңар, / Ханың – Банус, Карилип / Бизден кабар салыңар, / Менин айткан сөзүмдү, / Унутпай эстеп алыңар, / Бүлүктү мурда салыпбы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →