кароол2
- Мээлеп, түздөп атуу үчүн мылтыктын же башка атылуучу куралдын стволуна орнотулган тетик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ата турган мылтыктын, / Шыйрагын жерге мадады, / Жыдыманды житирип, / Кароолун абдан карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арада алты арту бар, / Кенендин көрүп караанын, / Чиктей көрүп чыдабай, / Кароол менен Жыдыман, / Катар экөөнү беттеди, / Келе жаткан Кенендин, / Тизесин деп чиктеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Деп өкүнүп бир далай, / Жол аруусун билгени, / Жолуна Алмаң киргени, / Кайта келип Алмамбет, / Жараганы керекке, / Алдындагы Сарала, / Аса байлап терекке, / Башына мамык жастанып, / Жатып калды жай алып, / Муну мындай таштайлы, / Коңурбайдын сыйкырлуу, / Кароолунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин атым Чаңчыкпас, / Буркураган шор менен, / Айабай жүрсөм катуулап, / Аркасынан чаң чыкпайт, / Ар кандай минсе чалгынга, / Кароолдогу эр туйбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шыкаалабай кароолун, / Сүмбө менен от берип, / Сандоолунда аттырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →