карман
- Өзүн өзү токтотуу, токтоо болуу.
- Бирөөнү өзүнө бел тутуу, тирек, жөлөк, таяныч кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койгон бойдон Малабек, / Козубекке жеткени, / Козубекти атына, / Мингизип жаткан кездери, / Карасурга хан Калдык, / Кайра минди камданып, / Кандуу найза карманып, / Козубек менен Алабек, / Катар сайды кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет алып, / Жаалысын көргөн кишинин, / Жаны турбай ордунда, / Аралап өтө бергенде, / Жаныбарым кеңкула, / Жаадай у…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…алгыз качып Кара дөө, / Үч киши болуп алыптыр, / Такыр байлап алам” деп, / Барбаңдаган Кутургур, / Катуу жөнөп калыптыр, / Баатыр Гүлүс шаңданып, / Колго найза карманып, / Капташып чыга калганда, / Апкарыбай калчу эмес, / Андан мурун алдында, / Балбандар өткөн бир канча, / Темир өзөк, таш жүрөк, / Коркпой турган Кутургур, / Эл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →