кармала

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Кайра-кайра кармай берүү, бир нече жолу кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…он колтук алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап серпишип, / Багалчеги майышып, / Буту ийилип жатса да, / Кайрат менен тайышып, / Чама кетип, так чарчап, / Кармалай колдор карышып, / Кара бойу дал болуп, / Кол кармалбай шал болуп, / Саратан тамыз ысыкта, / Кара бойдон аккан тер, / Өтүктүн ичи суу толуп, / Күн жашынып аңгыч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаза албаса кармалап, / Чогулуп калган желимди, / Кыйчылдак болгон теримди, / Унутуп калбай эске ал, / Менин айткан кебимди, / Коржоңдоп калмак бек кармайт, / Булкуп-силкип белимди, / Тарата кармап желимди, / Сеп алып жаным калганда, / Уктап кетсем мемиреп, / Тоңкойтуп таштап кетпесин, / Чокумдан мени тебелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оңоло түшүп кара бет, / Ойрон болгон катындай, / Тартынбастан кармалап, / Оңдоп-солдоп бетинен, / Өөп турат аймалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аты "Эркектин ээр токумун карап, аны кармалап өт", – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →