каркытта

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Каркытка куюу, каркытка куюп сунуу, каркыт менен ичүү.
  2. Көөкөр ж.б. сыяктуу тери идиштерди баалуу металл менен кооздоо, каркыт салуу.
  3. өт. Кадырлоо, урматтоо, ардактоо, алпештөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…лбай, / Мурун кудай боло албай, / Пейлимен кайра жандым, деп, / Безилдеп ыйлап кан какшап, / Чигитейге баралбай, / Же кетип калгын кайра, деп, / Кычырып келген каркыттап, / Кытай менен моңгулга, / Таңгыт менен манжуга, / Айтып муну баралбай, / Санаасы миң, кыйал көп, / Жатып уйку алалбай, / Өзүнчө оору болуптур, / Күнү-түнү тол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кадырман болдум элимде, / Каркытталып чоңойдум, / Жети суунун жеринде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сур койон менен Гүлчоро, / Кой күрөң минип Сейтек, / Желбес менен Кутубай, / Жакыын кирип келгенде, / Сейтекти эл көргөндө: / — Семетей келди, көргүлө, / Каркыттаган Тай буруул, / Болуптур күрөң бурулуп, / Арстан Семей өзү экен, / Кеткен экен кубулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →