каркыт
- Төөнүн терисинен жасалып, ооз жагы күмүш же башка жалтырак металл менен кырбууланган, ичине суюктук куюлуучу идиш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ташы талкан болбосо, / Турган чыгар азыр да, / Кайра айтып коштошуп, / Кылчайып карап артына, / Калың кыргыз калкыңдын, / Каркытың кылып жаш кеттиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каргышка кеттим дегендей, / Алым келсе асырап, / Каркытаттым бабамды, / Жазыксыз камчы чаппастан, / Энемдей сүйдүм жеримди, / Эркиндеттим элимди, / Кеңири туттум пейлимди, / Акка салып нетимди, / Ажарлуу туттум бетимди, / Ажыраттым сөөгүмдүн, / Түшүрдүң бөлүп этимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбет келди Какандан, / Айыккан душман айынан, / Каркытын кылып атакем, / Кайгысын тартып азыртан, / Катын алып берем деп, / Камынып калган кептенет, / Кыз бар менде берем, деп, / Күйөө издеп ким келет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыйаздын кылып каркытын, / Бүгүн буга тийишсек, / Ооздо айткан Жалгызек, / Келчү киши ал эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Түндүгүнө кара бет, / Сүт бото тайлак төө алып, / Калаадан арак алдырып, / Каркытган көөкөрүн, / Жибектен боосун чалдырып, / Кол куржунга салдырып, / Кагаз-кагаз чай алып, / Капакка салып бал алып, / Каймакка бышкан нан алып, / Сары мейиз кишми…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →