каркыралуу

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Каркырасы бар, каркыра сайынган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хандыгыма карабай, / Каркыралуу бул кызды, / Канчык деши кайсы кеп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Келер айла болбоду, / Келели десек жаныңа, / Тегеректеп алыптыр, / Эки жолборс, жалдуу шер, / Каркыралуу Кызылкыз, / Карап турат башыңда, / Калтаарып жүрөк энтелеп, / Атыңызды бир бала, / Откозуп жүрөт жетелеп, / Ачкалыктан Байтерек, / Чыдай албай жыгылды, / Көз алдыма келтирди, / Канча заман кылымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Капчыгай кара тоолордо, / Каңгыраган зоолордо, / Каркыралуу кыз турса, / Ким карабайт ошого? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →