каркыра

китептерде 68 жолу, 9 китепте
  1. Тумшугу, мойну жана буту узун келген, саздуу жерлерде жүрүүчү келгин куш.
  2. Ушул канаттуунун кооздук үчүн сайына турган канаты.
  3. Сайманын же оюунун бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Булардын баары ойдуңда, / Каркыра түндүк сырт жакта, / Анча-мынча ат жетпейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сыйлыгып көбү казактын, / Илени көздөй айланды, / Эбине келсе наары ашып, / Үч каркыра баргалы, / Же болбосо тоо бойлоп, / Капалга кетип калгалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таш мойноктун кезеңге, / Айкөл Манас, зор Бакай, / Чыгып белден караса, / Каркыранын жери кең, / Кара курттай быжылдап, / Түркүм-түркүм нечен эл: / Орто жери ойулуп, / Төрт тарабы жайылып, / Дүрбү менен караса, / Чочколор басса аралап, / Алашты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч Каркыра, Алматы, / Иле, Текес, Күнөстүк, / Алтай, Чойчок, Аралтоо, / Баркөл, Манас, Бешбалык, / Турпан, Камбыл кыргыздын, / Булардын күнү не болду? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →