каркылда
- Карк-карк этүү, карк-карк эткен добуш салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны караса, / Көл болуптур мелтиреп, / Каз каркылдап кечкисиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түлөөгө арнап айдаган, / Алып барды малдарын, / Касиеттүү киши, деп, / Калтырбаган чалдарын, / Тобо-томук кылсын, деп, / Ала барган кээ бирөө, / Эркелеткен балдарын, / Каркылдаган Мадыбек, / Башында бар касиет, / Ал Чигитей эр үчүн, / Кызмат кылды ар качан, / Өтө жакшы ак ниет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Төө тыныштын тараша, / Көз жүгүртүп караса, / Кернейдин үнү барпылдап, / Асабалар каркылдап, / Алкынып турган аттары, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Казактардын хан Үрбү, / Келген экен жол менен, / Жетимиш беш сан кол менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каркылдап Бакай башында, / Каныкей турат кашында, / Эки колу бүгүлүп, / Абасына жүгүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жалдуу шерди көргөндө, / Каргаларча каркылдап, / Калмагынча баркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →