каркаңда
- Мүйүзүн каркайткан ири жаныбарлардын (бугу, кулжа, тоо теке) жүгүргөн кыймылын билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырда кулжа дардаңдап, / Бугулар качып каркаңдап, / Айулар качып саксаңдап, / Токойдо доңуз корсулдап, / Мылтыктын үнү чыкканда, / Кузгун жетет куркулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Так түйүлүп дардактап, / Жейрен келет сербеңдеп, / Кулжалары дердеңдеп; / Бугулар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик келет колтоңдоп, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Ше…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көк Семей келбесе, / Сейтек уулу келди, деп, / Адырда аркар кылаңдап, / Курбудан кулжа тарбаңдап, / Тектирде теке каркаңдап, / Балапан өрдөк баркылдап, / Көлдөгү каздар каркылдап, / Аңырлар учуп аңкылдап, / Боз жоргоо аты алкылдап, / Ак сакалы жаркылдап, / Бакай баштап эл келип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →