каркап

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Ашып-ташып.
  2. Толук, кеңири, бүт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жоголуп кеткен Бекбача, / Кыргыз кабар уккан жок, / Баары жогун билбеди, / Каңгайлыктын калкынан, / Калдыктын жүргөн артынан, / Дайындуу болгон абалтан / Каарданса кан жуткан / Каркап кырк миң жоо сайган, / Сакан деген бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каркап кырк миң кол баккан, / Кагышканда кан аккан, / Кырмусшаанын Мурадил, / Кызыл жээрде ат минген, / Кыл куйругун чарт түйгөн, / Кароолчу эле бир чети, / Ханга ылайык келбети, / Турган экен бул айбан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара калпак, өзүбек, / Тажик, түркмөн, калча деп, / Каркап толгон кези экен, / Кишиси менен түтүнү, / Токсон миң үйлүү көп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →