карк1
- Аралашмасы, кошулганы жок, нагыз өзүнөн турган, таза, нукура.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ортосунда Бекбача, / Сарала атчан, сары сакал, / Кара бойун чаптаган, / Карк алтынга каптаган: / Оң жагында бирөө бар, / Темир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир Куткарбас он болсо, / Увазири эки эмес, / Санаты накай кырк болсо, / Кумсар сыйкыр жүз болсо, / Куунайза балбан миң болсо, / Аскери жүз миң карк толсо, / Куткарбас менен Тапан хан, / Кол кармашып бир болсо, / Желмогуз канчык кошулуп, / Кумсар менен төрт болсо, / Жери жашыл жээк болсо, / Суусу ачуу туз б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карыйа Бакай карк этип, / Жез комуздай шаңк этип: / — Андай болсо Гүлүсүм, / Ой, Каныкей айашым, / Кереметтүү киши элең, / Келээр чакта иштерди, / Канча жылда келээрин, / Учур чакта билчү элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каркып жайлоо толуптур, / Камданып журтуң, болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →