каржал

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Иштин оорчулугунан же башка кыйынчылыктан улам чарчап-чаалыгуу, кыйналуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ди, Абылтай, / Эмгегиң кымбат бир тоодой, / Эл үчүн жаның кыйнапсың, / Душманга элди кыйбапсың, / Атым жок деп турбапсың, / Уй минип келип алыстан, / Арып-ачып каржалдың, / Оо, Бакдөөлөт, турбагын, / Абылтай менен Жакыпты – / Экөөнү өзүң сыйлагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алакең калды айылда, / Төлөктү алды жанына, / Алыстан келип каржалган, / Аттарын тескеп багууга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Бозуул кеп айтат: / — Койгун, Кыргыл, — деп айтат, / Жашы менен карыбыз, / Кыйналып келет жаныбыз, / Ошондой жарлык чыгарган, / Ойрон Алма ханыбыз, / Миң күнү жүрсө каржалбас, / Манас экен залыбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Азизхандын Алмамбет, / Тил байланып унчукпай, / Жалдырап тиктеп дудуктай, / Аш бышымда каржалды, / Улутунуп токтобой, / Тутамдап сакал кармады, / Оозунан чыккан көк түтүн, / Булутту айдап аңтарып, / Асманды тиктеп чакчайып, / Ооз ачкан пенде жок болду, / Ошонго дейре үн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атта жүрүп каржалып, / Жашым өтүп картайып, / Бекерге кетти ушул түн, / Сүйгөнүм сенден калтаарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →