кардык
- Үнү бүткөнсүп, ачык чыкпоо, каргылданып чыгуу.
- Аптыгуу, бурдугуу, чоң-чоң сугунуу.
- Кыйналуу, алдан-күчтөн таюу, чаалыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Уулум тургай кызым жок, / Ээрчип жүргөн кемпир жок, / Өлсөм мейли бир жан деп, / Менин элди эстеп жаткым жок, / Калкымдын ойлоп кардыгын, / Ичим жалын, боорум чок, / Оо, балам, менин / Мындан башка кебим жок, / Өлсөм көмүп койорсуң, / Бата турган жерим жок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жай айранды чак берет, / Кыш сорпону аз берет, / Каныкей менен Бакайдын, / Кардыгын угуп калганда, / Ичимен мөжүк кан кетет!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сүт чыкпай кызыл кан чыкты, / Өлтүрүп салбай ошондо, / Багып жүрүп курган жан, / Сенден көрдүм кардыкты!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ртодон кыйла сөз өтүп, / Биринен бири шекшинип, / Алыстан келген канкор деп, / Арнаган малын сойдуруп, / Чарчап келген суусап деп, / Арактан мыктап куйдуруп, / Кардыкканда кант берип, / Капакка салып бал берип, / Каймакка бышкан нан берип, / Кандыра кара чай берип, / Казы кертип, жал берип, / Канча түрлүү аш берип, / Алма шекер-б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көшүгөндөй күлүңдөп, / Канчоро баатыр күдүңдөп, / Баштады кебин күңгүрөп: / — “Ар качандан бир качан, / Ат кардыгын тарттым “ — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →