каргыш1
- Бирөөгө жамандык тилеп, каргап айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жубан-келин турасың, / Каргышын алып кемпирдин, / Карыганда кысас тартпагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Какбаш Жакып, Канчоро, / Абыке, Көбөш – төртөөнү, / Эргиз оозго албайлы, / Кыйамат кайым болгунча, / Каргайлы, күндө каргайлы, / Аркачан каргыш арнайлы, / Арнайлы каргыш арнайлы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Карабөрк каргыш болчу, — деп, / Ажыбайдын көөнүндө, / Бастырып барды Ажыбай, / Накылайдын үйүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей жүрөт куш салып, / Алда эмине шумдук, деп, / Кайран дөө турду муңканып: / — Кылганым бекер болгонум, / Каргышка кеткен чунак тоо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →