каргылуу
- Каргы тагылган, каргысы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Абдылда алыс кеткени, / Жатса уйку келеби, / Ай эсептеп күн санап, / Абдылда келер маалы, деп, / Кырк жигитин ээрчитип, / Каргылуу тайган ит алып, / Жагалуу шумкар куш алып, / Абдылданы тосоттоп, / Карап жүргөн болучу, / Жакып байдын үйүнөн, / Аттанып жолдон салганда, / Айкөл Манас баатыры, / Учурап калды алдында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каргылуудан ит койбой, / Алгырдан шумкар куш койбой, / Асынып мылтык алышып, / Арстандын баары жарышып, / Алмамбетти ээрчитип, / Жүрүп кетти эргишип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →