каргылдан

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Үнү ачык чыкпай, тоскоолдукка учурагансып, кардыгып чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кызылкыз туруп кеп айтат, / Кеп айтканда муну айтат: / — Каргылдантып үндөрүң, / Буулугуп сүйлөп тилдериң, / Алалабайсың Татылда, / Нээтиңди мен билдим, / Атаң дедиң ар качан, / Атам деп оозуң келбеди, / Ээрибес боору кара таш, / Кимдер көргөн сендейди, / Өзү келген алдыңа, / Сен таппайсың мендейди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каргылданып хан Бакай: / — Кана, балам, Кененим, / Сумурук берген белегиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…дан келдим бул жерге, / Мындай ылгал жигитти, / Көрбөгөнмүн деги эле” / Ангычакты маңдайдан, / Көрүндү Манас көзүнө, / Кулак салып угалы, / Алтыкенин сөзүнө, / Каргылданып буулугуп, / Так келбей тили буулуп, / Жакадан алган киши жок, / Кекиртеги муунуп, / Алаңдап көзү кетиптир, / Саргарып өңү куулуп, / Ажат эмес кеп сураш, / Корк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүйлөбөй баары токтолду, / Каргылданып Каныкей, / Айта турган окшонду: / — Сейитектин кебине, / Мен ыраазы түбүндө, / Мунабу турган Бакайга, / Манас билги талашпай, / Берип жүргөн күнүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Атын камчыланып, эми жөнөй берерде, каргылданган үнү менен Бурмаке: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →