каргыл

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кирилдеген, каргылданган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каргылдап үнү бузулуп, / Кызыл жүзү кубулуп, / Эриндери кыбырап, / Жашы турду чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөйрөк эти бүлкүлдөп, / Кирпиктен жашы мөлтүлдөп, / Кубулуп үнү каргылдап, / Көмөкөйү балкылдап, / Адашкан жетим тайлактай, / Алмамбет жашып турганда, / Карап турган кырк баатыр, / Ар канча улук болсо да, / Акылы тунук болсо да, / Жалгыздыгы курусун, / Шашып ыйлап турушун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ып турат Алмамбет, / Күрмөлбөй тили кээ-кээде, / Үзүлчүдөй эндиреп, / Айнектей болгон эки көз, / Жал-жал этип жаркырап, / Бурчактап жашы кирпикте, / Буулуп үнү каргылдап: / — Мен өткөндө дүйнөдөн, / Ыйлаба, кыргыз, чуркурап, / Алмамбет өлгөн экен деп, / Кара кытай эл билер, / Келген кытай жүз урук, / Калбай каптап бүт кирер, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катуу ыйлап жан кыйнап, / Каргылдап үнү буулуп, / Карыган байкуш Чыныке: / — Кан жуткузуп ыйлатып, / Энеңди карып кылып таштадың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сатикеси албындап, / Айкырды үнү каргылдап: / — Алыкенин кеби чын, / Билип койгун, ой, бала! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →