каргаша
- Кандайдыр бир ишке, ой-тилекке, максатка буйдоо болгон, аткарылышына, ишке ашышына жолтоолук кылган кырсык, каршылык, тоскоолдук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лашты, / Чендеп келген Манасты, / Бейжинге Манас кул салды, / Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алданып койуп тажиктер, / Темирбекке капташты, / Кан төгүлүп каргаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казактан чыгып кайгырып, / Кадырлашы Көкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – / Тырмактай даам тат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан болгон соң так минген, / Канча жылы калк билген, / Хандыгыңды билдирсең, / Чойтолоңду карматып, / Дарга асып илдирсең, / Ызырынып сөз менен, / Бүткүл элди сабасаң, / Чойтолоңдун элинен, / Он-он бешин камасаң, / Жүрөгү өлүп букара, / Түгөнөт сенин каргашаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Илбесин алдым ар түрдүү, / Маа жамандык кылбаса, / Кылым жердин бетине, / Болуптур кыргыз каргаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →