карган1

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Өзүнүн актыгын, айыптуу эмес экендигин билдирүү же актануу үчүн өзүнө карата каргыш сөздөрдү айтуу, каргыш кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтпаганы калбады, / Атайын барган Каратил, / Алда канча карганды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Качып келе жатыпсың, / Ашкере сени билдим, — деп, / Мөкүбалдуу найзаны, / Булгап алды Жоодар чал, / Кайраты жаштай толкуду, / Качырып кирди карган чал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деди, / Эр Мажик жерге карады, / Көтөрүп келип бир ташты, / Тирүүлөй көзүн жайнатып, / Албарстыдай каргантып, / Бастырып белден таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карган дөбөт Тапан хан, / Карыган канчык шумпайга, / Каткан кан эрип агылды, / Карашы кандай сонун, деп, / Караанына жалынды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…уртуна, / Хан Коңурдай улукка, / Ойлогону мына бул: / “Кызылуйук, Мадыкан, / Кыргызды талап алат — деп, / Семетейди чыңыртып, / Гүлчорону күйгүзүп, / Канчорону каргантып, / Хан Бакайды байлатып, / Каныкейди айдатып, / Айчүрөктү зарлантып, / Жалгызекти саргартып, / Байтайлакты ыйлатып, / Баарын булар алат — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →