каргадай

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Каргага окшош, карга сыяктуу.
  2. өт. Кичинекей, бою, көрүнүшү кичине.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аты менен Саламат, / Учуп кетти каргадай, / Капталдап барып жыгылып, / Топого башы тыгылып, / Талаа-талаа тилинип, / Куйканын каны чубуруп, / Кабыргасы кабышып, / Сынып кетип төрт-бешөө, / Өпкөсүнө жабышып, / Эки имерип чаптырбай, / Куйалы кетти чабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…й мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетейге Кардыгач, / Кабар кылып койгону, / Кабыландын баласы, / Катуу салып Ойронду, / Касташып чыккан душмандын, / Каргадай башын толгоду, / Карманапты куткарып, / Бараң, шаңкай элдердин, / Эркин кылып койгону, / Ирандыктын ойунда, / Кастык кылуу бар болчу, / Ошондон кийин ирандык, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Карала аттуу Саламат / Каргадай учуп жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Каргадай бала кездешсе, / Жалындап күйөт эт жүрөк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →