караңда

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Караң этип көрүнө калуу, көрүнө калып жок болуу, элес-булас көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Перенжи жок бетинде, / Жамандык жоктой көрүнөт, / Каранда неетинде: / — Жайылма келдим алдыңа, / Айкөлдүн уулу Бекбача, / Алымды менин уктуңуз, / Эримди жеген кара бет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күчүктөр жерге чачылды, / Караңдаган чөөлөргө, / Арсылдашып үрүштү, / Күчүктүн үнүн укканда, / Чубап жолго түшүштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошондон бери карата, / Келе жаткан кеп экен, / Жедигер бизди карандап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Күндөгү кесибим боюнча бир күнү Бызаубак дегендин үйүнөн шыкаалап жатсам, ары жактан бирөө караңдап басып келип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →