караңгыла

китептерде 2 жолу
  1. Караңгы түшүү, караңгы боло баштоо, көз байлануу, күүгүм кирүү.
  2. Жарыкты бир нерсе менен тосуп караңгы түшүрүү, караңгы кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →