караңгы

китептерде 188 жолу, 10 китепте
  1. Жарыгы жок, көрүүгө мүмкүн болбогон, жарыксыз абал, түн.
  2. өт. Кат тааныбаган, билимсиз, түшүнүгү, аң-сезими өспөгөн, өнүкпөгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Торгой кыздан, кыргыздар, / Эми азыраак кабар алалы, / Атасы эзип суу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Түн караңгы. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондуктан ханга бербес үчүн мени ушундай караңгы жайга сактап турушат, – дейт кыз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →