караштуу

китептерде 17 жолу, 8 китепте
  1. Таандык, тийиштүү, ошого карай турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Төрт-беш күнү биздерге, / Кызмат кылып бергиле” / Деп бөлдүрүп аларды, / Караштуу кылып алты үйгө, / Үйдүн баары төтөгө, / Өйүз-бүйүз бүктөткөн, / Тартылуу нечен көшөгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карыган Жоодар чалына, / Сур атты ага карматты, / — Ага Жоодар, кулак сал, / Унутуп калбай кебимди ал, / Башка хандан көбүрөөк, / Саа караштуу жерлериң, / Баарысынан кабар ал, / Жеркен, Котен, Лопнур бар, / Азык, Арал, Кум дайра, / Ээлик кылгын буларга, / Улуктарын үч жылда, / Бирден оодар тил алсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алы келбей калганда, / Дөө Кошой деп ат берди, / Калды кыргыз деп кетти, / Калды кыргыз жойулуп, / Маа караштуу элдерге, / Кара кыргыз ат кетти, / Өзүбүз таап албадык, / Калмактар тапты бул кепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чоң Кашкар жери кең эле, / Токтосартка караштуу, / Жыйырма төрт дүкөн бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Калдуубетке караштуу, / Калбай журту качыптыр, / Өлүү менен тирүүсү, / Ээ болгудай киши жок, / Өрүшүндө жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →