карача

китептерде 31 жолу, 6 китепте
  1. Кара (көбүнчө төөгө карата айтылат).
  2. сейр. Кара өңдүү, карасур адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылтырай өңү ушулар, / Лопнурдагы кыргыздар, / Алты түмөн үй элек, / Карачадан бер жакка, / Бузулбай келген эл элек, / Бузулдук бүгүн Таңгыттан, / Кысылды кайран заманам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жете келди Таласка, / Ак сарыбашыл жети кой, / Окшош таргыл эки уй, / Карача каймал сары төө, / Субай сурдан беш боз бээ, / Айта келди Манаска. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таласты талоон кылганда, / Талап алып тынганда, / Эгин эк деп койобуз, / Хотен, Жеркен, Лопнурга, / Бой бербей келди Лопнурлук, / Карача хандан бер жакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…өн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…к семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду, / Толтуруп нанга куржунду, / Карача каймал, ингенди, / Алып келген байкуш эл, / Колуна кайсы тийгенди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →