карата
- Барыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, ошого жараша, ошого ылайык келип чыккан натыйжаны билдирүү, баяндоо үчүн колдонулат.
- Кыймыл-аракет багыт, алган тарапты, багытты билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошондон бери карата, / Бөлүнбөстөн келгенбиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак – эки шер, / Акылман Бакай кеменгер, / Арстандан бери карата, / Айтылып келген кеп эле, / Алмамбет, Манас, Чубактын, / Оорагы окшош тең эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ат семирип, бук болду / Эр семирип, нык болду / Аш, той берер чак болду, / Көптөн бери карата, / Барбай койдук эч жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →