карар1

китептерде 140 жолу, 10 китепте
  1. эск. Токтом, чечим, бүтүм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өрттөнгөн арча өңдөнүп, / Кара мүртөз Канчоро, / Карарып өңү бузулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →