карапайым
- Мүнөзү, жүргөн-турганы жөнөкөй, жупуну, бой көтөрбөгөн, менменсинбеген.
- Кызматы же башка даражасы боюнча өзгөчөлөнбөгөн, катардагыдай эле абалда болгон.
- Тукуму асылдандырылбаган, зоот чалыш эмес, кадимкисинен өзгөчөлөнбөгөн (үй айбандарына карата айтылат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байкап көрсө бул жетөө, / Кийик менен күн кечкен, / Аты киши кара баш, / Андан башка билбеген, / Карапайым неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карапайым кырк миң кол, / Короодоку койго окшош, / Кесилет менен Дабытай, / Качып келдиң Таластан, / Бөрүдөн качкан тайга окшоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк, Гүлүс курбалдаш, / Шер Сейитек азыр жаш, / Каныкей, Бакай - карылар, / Ал бешөөнүн бирине, / Айтып койуп кайта тарт, / Карапайым кишиге, / Айта бербе жабырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Күңгүрөнүп хан Кыйаз, / Көңүлү жашып турганда, / Канчоро анда кеп айтат, / Кеп айтканда деп айтат: / «Кабылан Кыйаз, эр десем, / Карапайым, сен белең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →